Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Орусияда авиадиспетчерлердин акчацылык акцыясы күч алууда


МОСКВА. Бүгүн Сибирлик авиадиспетчерлеринин ачкачылык акциясына алардын Омск, Новокузнецк жана Ростов-на Дону шаарларындагы кесиптештери кошулду. Ачкачылык акциясын мындан 8 күн мурда Сургуттун диспетчлерлери баштап, айлык акылардын көбүйтүлүшүн жана авиа ишканасынын жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылышкан. Көп өтпөй аларды башка шаарлардын диспетчерлери колдоп чыгышты. Азыр ачкачылык акциясына 300дөн ашык киши катышып жатат. Сургут шаарында ачкачылык акциясын өткөрүп жатышкан айрым авиадиспетчерлердин ден соолугунун начарлаганына байланыштуу, кээ бир аба каттамдары кийинкиге калтырылды.

XS
SM
MD
LG