ДУШАНБЕ. Орусиянын Тажикстанда кызмат өтөп жаткан чек арачылары тажик-ооган чек ара тилкесинен бир эле операциянын учурунда 840 килограмм бангизат, анын ичинде 370 килограмм героин кармашты. Ушул жылдын башынан бери тажик жана орус аскерлери чек арадан 3,5 тонна баңгизат, анын ичинде 2,5 тонна героинди колго түшүрүштү. Баңгизаттарды ташып бараткан аткезчилер менен болгон кармашта 40 аткезчи курман болуп, бир тобу камакка алынды. Ооганстанда өндүрүлгөн баңгизаттардын ири бөлүгү Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу Европага ташылат. 1992- жылы Тажикстан менен Орусиянын ортосунда кол койулган келишим боюнча тажик-ооган чек арасын күзөтүүгө 11 миң орусиялык чек арачы тартылган.