Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

Орусиянын тышкы иштер министри британ өкмөтүн сынга алды


ЛИССАБОН. Орусиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов Португалияда сүйлөгөн сөзүндө Британ өкмөтүнүн козголоңчул чечендердин лидери Ахмед Закаев боюнча чечимин сынга алды. Закаев кечээ Лондонго келери менен камалып, тергөөгө алынган соң, актриса Ванесса Редгрейвдин күрөөсү менен бошотулган болчу. Закаевди Орусияга өткөрүп берүү боюнча британ сотунун жыйыны 11- декабрге белгиленди. Закаев Лондонго Даниядан келди. Даниянын өкмөтү анын террорчулукка тийешеси бар экенин далилдеген материалдар жетиштүү болбогондуктан, Орусияга өткөрүп берүүдөн баш тарткан.

XS
SM
MD
LG