Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:36

Израилдик аскерлердин колунан Палестиналык 10 адам курман болду


ДЖЕНИН. Израилдик аскерлердин колунан Газа тилкесине 10 палестин курман болду. Эки ортодогу ок атышууда 4 израилдик аскер жарат алды. Арафаттын жардамчысы Набил Абу Рудена Газадагы рейдди «кыргын салуу» деп айыптап, буга эл аралык коомчулуктун кийлигишүүсүн талап кылды. «Бул Израилдин жаңы кыргыны, анын мындай террору токтотулууга тийиш. Биз Коопсуздук Кеңешине кайрылып, бул окуянын териштирилип, Израилдик аскерлердин аймактан чыгып кетүүсүн талап кылганы жатабыз», деди Рудена. Палестина тарабы бүгүн израилдик аскерлер Батыш жээктеги Дженин качкындар лагерине кирип, 15 согушкер палестинди камакка алганын билдирүүдө. Израил Батыш жээктеги аймактарды кайра басып алган июнь айынан бери Дженинде жөөт аскерлери дээрлик күн сайын рейд өткөрүүдө.

XS
SM
MD
LG