Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:32

Чүйгө көчүп келген этникалык кыргыздар жыйынга чогулушту


Жаркын Темирбаева

БИШКЕК. Жанаша жайгашкан өлкөлөрдөн ооп келип Чүй облусуна отурукташып калган кыргыздар Панфилов районунда өздөрүнүн чогулушун өткөрүштү. Алардын кыргыз атуулдугун алалбай жаткандыгы жыйын өткөрүүгө негизги себеп болгондугун этникалык кыргыздар коомунун уюштуруучусу Байыш Исманов 7-декабрда маалымдады. Жума күнү өткөн бул жыйынга облустук миграция департаментинен, ички иштер бөлүмүнөн жана башка тиешелүү жетекчи-адистер чакыртылган. Алардан сырткары Чүй боорунда жашап жатышкан 9 миңдей этникалык кыргыздардын жүзгө жакын өкүлдөрү катышышкан. Чогулушта чыгып сүйлөгөндөр ар кандай себептер менен айрыкча Тажикстан, Өзбекстандан келип Чүй бооруна бирототоло туруп калышкан этникалык кыргыздар он жылдан ашуун убакыттан бери кыргыз атуулдугун алалбай жаткандыктарын айтышты. Алар кыргыз атуулдугу жок болгондуктан үй , жер сатып алуу, мектепти бүтүргөн уул-кыздары жогорку окуу жайларына кирүү укуктарына ээ болбогон көйгөйлүү маселелерин билдиришкен. Чогулуштун акырында Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынына кыргыз атуулдугун алуу боюнча атайын мыйзам кабыл алуу өтүнүчтөрүн билдирген кайрылуу кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG