Сербиянын Борбордук шайлоо комиссиясы жекшемби күнкү президенттик кайра шайлоого шайлоочулардын 45 % жакыны катышкандыктан, шайлоону болбоду деп жарыялады.
Мыйзам боюнча, добуш берүүгө катталган шайлоочулардын 50 % катышса, шайлоо өттү деп саналат.
Октябрь айында болгон шайлоого да элдин 50 % азы катышкандыктан, президент шайланбай калган.
Көз карандысыз байкоочулардын билдиришинче, бул ирет да Югослав президенти Войислав Коштуницаны көпчүлүк эл колдогон. Шайлоого катышкан адамдардын 58% Коштуницаны жактап добуш берген.
«Югославиянын мурдакы президенти Слободан Милошевич учурунда түзүлгөн жалгама тизмедеги 400 миң «өлүү жанды» чыгарып салса, добуш берүүгө шайлоочулардын зарыл болгон 50 % катышкан болот», деген Коштуница Борборшайлоокомдун чечими боюнча Жогорку Сотко даттанмак болууда. Президенттик кайра шайлоо качан болору азырынча белгисиз.