Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:08

Президент В. Путин Грузия президентине алкыш айтты


Орусия президенти Владимир Путин терроризмге каршы күрөшүү аракети үчүн Грузия президенти Эдуард Шеварднадзеге ыраазычылыгын билдирди. «Грузиянын атайын кызматтары көпчүлүк жек көрүндү террорчуларга каршы чечкиндүү аракет көрүп, аларды таш-талкан кылды. Алдардын ичинде Москвадагы көп кабаттуу үйдү жардырган террорчулар да бар. Бир террорчу камакка алынып, Лефортово түрмөсүнө салынды. Грузия менен Орусиянын атайын кызматтары менен күч органдары терроризмге каршы кызматташуу менен чектелбестен, Грузия менен биздин мамилебизди жаңы бийик деңгээлге көтөрүүгө жардамдашат деген үмүттөмүн», деди В. Путин.
Ишемби күнү Тбилисиде ондогон чечен качкындары камакка алынган жана карачай улутундагы Юсуф Крымшамкалов Орусияга өткөрүп берилген. Крымшамкалов Москвадагы турак-үйдү жардырды деп күнөөлөнүүдө.

XS
SM
MD
LG