Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Кыргызстан укук коргоо кыймылынын башкармалыгы Турсунбек Акундун лидерлигин ырастады


БИШКЕК. 9-декабрда Кыргызстан Укук Коргоо Кыймылынын башкармалыгынын жыйыны болду. Анда акыркы кезде кыймылда түзүлгөн кырдаал талкууланып, ага башкармалыктын 15 мүчөсүнүн 9 катышты. Бул тууралуу Кыргызстан Укук Коргоо Кыймылынын лидери Турсунбек Акун дүйшөмбүдө кабарлады. Жыйында башкармалыктын мүчөлөрү Мелис Арыпбек уулунун, Оролбай Бердигуловдун жана Кенжебек Чыңгышевдин кыймыл лидери Турсунбек Акундун ээлеген ордунан бошотулгандыгы тууралуу 17-ноябрдагы билдирүүлөрү айыпталып, аларга кыймылдын аброюна шек келтиргендиги үчүн катуу сөгүш жарыяланды. Турсунбек Акундун кыймыл төрагасы экендиги ырасталды жана жакынкы айларда конференция өткөрүү чечими кабыл алынды. Конференцияда Турсунбек Акундун отчету угулат. Ал эми Мелис Арыпбек уулу Кыргыз укук коргоо кыймылынын башкармалыгынын жыйынына катыша албагандыгын, бирок жакын арада боло турган конференцияга катышаарын жана анда кабыл алына турган чечимге баш ийерин дүйшөмбүдө билдирди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG