БИШКЕК. Тышкы соода жана өнөр жай министрлиги «Майлуу-Суу электролампа заводу» мамлекеттик акционердик коомунун мамлекетке тиешелүү 62,43 % акциясын сатуу боюнча 20-декабрда тендер өткөрө турган болду. Министрлик 62% ашуун акцияны 3 млн. 200 миң долларга сатууга аракеттенүүдө. Акцияны сатып алган инвестор жакынкы үч жылдын ичинде заводко 15 млн доллар инвестиция жасоого, экспортту жылына 3 % өстүрүүгө тийиш. Бул тууралуу дүйшөмбүдө «Кабар» маалымат агенттигинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында тышкы соода жана өнөр жай министри Садриддин Жиенбеков жана Майлуу-Суу электролампа заводунун башкы директору Николай Мелькер билдирди. Министрдин айтымында заводдун мамлекетке тиешелүү акциясын сатуу заводдун жабдууларын модерназациялоо зарылчылыганан келип чыгууда. Өкмөттө ал үчүн акча жок. «Ошондуктан инвестор издеп жатабыз», деди Жиенбеков. Завод учурда лампочканын 80 түрүн чыгарат жана 2001-жылды 127 млн. сом киреше менен аяктаган.