ТАЛАС. Кышкы сууктун күчөшү менен Таласта электр энергиясын тез-тез өчүрүлө баштады. Электр энергиясын өчүрүүгө калктын акы төлөбөгөндүгү башкы себеп болууда. «Түндүкэлектр» акционердик коомунун Талас бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда, быйылкы жылдын он бир айында Талас областынин электр энергиясы үчүн болгон карызы 120 млн. сомдон ашып кеткен. Эң көп карызга баткан - бул Талас шаары. Бул жерде 38 миллион сомдук жалпы карыздын 32 миллион сому элдики. Шаар элинин акы төлөөсүн иликтеп көрүшсө алар он жыл ичинде зарыпталган энергиянын бир пайызынын гана акчасын төлөшкөн, натыйжада электр тармактар ишканасы карызы көп трансформаторлорду четинен өчүрүп киришти. Мындай ыкма калган төрт райондо дагы колдонуп жатат. Бирок жеңилдиги бар ардагерлер жана акы төлөгөн абоненттер областтык бийликтин жетекчилигине нааразычылык билдире башташты.
Машакпай Рахманкул уулу