БИШКЕК. 6-7-декабрь күндөрү Кыргызстандын Кант аба майданынан Орусиянын СУ-25,СУ-27 тибиндеги беш учагы жана ИЛ-76 маркасындагы жүк ташуучу эки учагы учуп кетти. Бул тууралуу Кыргызстандын коргоо министрлигинен алынган маалыматка караганда, Орусиянын аскерий учактары эми кайра 2003-жылдын апрель айында Коллективдүү коопсуздук келишимине кирген мамлекеттердин ортосунда жаңы келишим түзүлгөндөн кийин келиши мүмкүн. Анда Кант аба майданын КККнын тез аракеттенүүчү аба күчтөрү жайгашкан база катары пайдалануу чечими кабылданат. Ал эми Орусиянын аскерий учактары Кыргызстанга 1-5-декабрь күндөрү Кант аба майданын база катары пайдаланууга жарамдуулугун сыноо үчүн келген жана орусиялык аскерий эксперттер аэродром пайдаланууга толук жарамдуу деген тыянакка келишкен.