БИШКЕК. 10-декабрда Кыргызстан Тышкы иштер министри Аскар Айтматов Кытай Эл Республикасына расмий сапар менен жөнөп кетет. 16-декабрга чейин созулуучу сапары учурунда Аскар Айтматов Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, вице-премьер-министр Вэнь Цзябао (Wen Jiabao), Тышкы иштер министри Тан Цзясюан (Tang Jiaxuan), тышкы соода жана экономикалык кызматташуу министри Ши Гуаншен (Sha Guanshen) жана башка расмий жетекчилер менен жолугушат. Бул жолугушууларда эки тараптуу мамилени андан ары бекемдөө, саясий, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланат жана терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча эки тараптуу макулдашууга кол коюлат. Кыргызстан министри Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун жетекчилери менен да жолугушат. Бул тууралуу 9-декабрда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.