Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:50

Шанхай кызматташтык уюмунун улуттук координаторлору Кытайда жолугушту


БИШКЕК. 10-декабрда Кыргызстандын жана Кытайдын тышкы иштер министрлеринин орун басарлары жана бул өлкөлөрдүн Шанхай кызматташтык уюмундагы улуттук координаторлору Асанбек Осмоналиев менен Лю Гучан Пекинде жолугушушту. Анда Шанхай кызматташтык уюму кабыл алган чечимдер менен келишимдерди аткаруу, анын ичинде уюмдун антитеррористтик регионалдык структурасы менен аткаруу катчылыгын Пекинде жана Бишкекте бир убакта ишке киргизүү маселелери талкууланды. Андан тышкары Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон мамлекеттердин ортосундагы байланышты жөнгө салуу үчүн аткаруу катчылыгынын укук-милдеттерин кеңейтүү зарылдыгы белгиленди. Мындай маалымат 10-декабрда Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинен алынды.

XS
SM
MD
LG