Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:41

Брюссельде Европа Биримдигинин тышкы иштер министирлеринин жыйыны өтүүдө.


Бүгүн Брюссель шаарында Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министирлеринин жыйыны - каржылоо проблемасынан тышкары Биримдиктин кеңейүү жараянын жактырды. Кечээ күнү Брюссельде - Биримдикке чакырыла турган 10 жаңы мүчө-мамлекеттин тышкы иштер министирлери жолуккан. Уюмдун учурдагы төрагасы Даниянын тышкы иштер министри Пер Стиг Мөллердин айтымында болсо, 10 талапкер өлкөнүн сегизи менен - айыл чарба субсидиялары боюнча мунаса түзүлдү. 12-13-декабр күндөрү Даниянын борбору Копенгаген шаарында Биримдиктин бийик жолугушуусу болуп, анда он жумурият - Кипр, Латвия, Литва, Мажарстан, Мальта, Польша, Словакия, Словения, Чехия жана Эстонияга - расми чакыруу жасалууга тийиш. Бирок Алманиянын сунушу менен, жаңы мүчө-өлкөлөрдүн фермерлерине Биримдик алгачкы тапта толук жардам көрсөтө албайт, ошондуктан, Мажарстан менен Словения бийик жолугушууда ал тууралу өздөрүнүн өзгөчө пикирин билдириши мүмкүн. Алмания тышкы иштер министри Йошка Фишер бүгүн Брюссельде: Биримдикке Түркияны кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөр 2005-жылы башталат, - деп жарыялады.

XS
SM
MD
LG