Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:49

АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Эрмитэйдж Түштүк Кореяга келди.


АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Эрмитэйдж бүгүн Сеул шаарына келип, Түштүк Кореянын жетекчилери менен жолукту. Кореяга чейин ал Жапанияда болгон жана Сеулдан кийин Кытай менен Австралияга барат. Анын сапарынын негизги максаты - Иракка каршы Америка кошмо штаттары мүмкүн баштай турган согушка колдоо табуу. Сеулда болсо, ал - президент Ким Дэ Чжун, коргоо министри Ли Чжун жана тышкы иштер министри Чой Суңг-Хоңг менен, Ирак маселесинен тышкары, кошуна Түндүк Кореядагы абалды да талкуулады. Өткөн октябр айында Пхеньян - өзү кол койгон келишимдерди бузуп, өзөктүк курал чыгаруу программаларын улантып жаткандыгы тууралуу жарыялаган.

XS
SM
MD
LG