Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Бириккен улуттардын эксперттери - Ирак декларациясын изилдөөдө.


Эл аралык эксперттер жана Бириккен улуттардын Коопсуздук кеңешинин адистери - ишемби күнү Ирак тапшырган декларацияны изилдөөдө. 12 миң барактан турган ал декларацияда - өлкөдөгү аскерий өндүрүштүн абалы сыпатталат жана: Иракта кеңири кыруучу курал жок, - деп айтылат.

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Джэк Строунун айтымында, Коопсуздук кеңешине отчет эмки аптада берилет: "Алгач декларация - инспекторлор менен Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү тарабынан каралат жана Коопсуздук кеңешинин толук жыйынынын талкуусуна, мүмкүн, эмки аптада коюлат".

Америка кошмо штаттарынын коргоо министри Дональд Рамсфельддин айтымында, декларацияны адистер окуп чыгыш үчүн бир нече апта кетет жана ага чейин ал тууралуу кандайдыр бир пикир айтуу эрте. Рамсфельд бүгүн - Африканын Эритрея мамлекетине учуп келди, андан соң Эфиопия жана Катарга барат. АКШ Катарда - Иракка мүмкүн боло турган согуштун башкаруу борборун түзүүдө.

XS
SM
MD
LG