Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:56

ОРУСИЯЛЫК БАСМА СӨЗДӨ В. ПУТИНДИН КЫРГЫЗСТАНГА БАРГАН САПАРЫН ТАЛКУУЛОО УЛАНТЫЛУУДА


Муса Мураталиев, Москва

Мурунку аптада орусиялык гезиттерде жарыяланган макалалар мазмуну төмөнкүдөй.

Аптасына бир курдай чыгуучу «Эксперт» журналы (09. 12. 02) Бишкек кантип ири мамлекеттер арасында стратегиялык өнөктөш болуп жаткандыгын талдоого алган макала жарыялады. Авторду жакында Орус лидери Азияга жасаган сапарынын акырында Кыргызстанга да тийе өтүшү кызыктырган. «Бээжин, Дели, Бишкек. Бул борбор шаарлар арасынан кайсы калаа артык баш экенин балa деле түшүнүп турат», деп жазат автор. «Анткени азыркы туштагы геосаясат улуу мамлекеттер лидерлерин башкача оюн баштоого аргасыз кылды. Ошондуктан Владимир Путиндин Тянь-Шань тоосунун койнунда жаткан oлкoгo көңүл буруп жатат. Орусия жетекчилиги үч жумага созулган тышкы саясий сапарында Кошмо Штаттар жетекчилиги менен жолугушту. Андан кийин Европа Биримдиги, Кытай, Индия лидерлери менен жолугуп, акыры КМШдагы бир өлкөнүн баш калаасында өзүнүн сапарын карытыш керек болчу. Ага ылайык калаа Бишкек болду. Кайсы жакта болбосун арадагы кеп, «көп сөз жок сөз» болуп олтургандыктан акыры түзүгүрөөк жыйынтыктуу иш менен сапарын аякташ үчүн Путин жеринен өзүнө жан тартышкан Коллективдүү Коопсуздук Келишимине кирген өлкөлөрдүн атын жамынып, согуштук база түзүүнү туура деп чечкен. Орусия президенти келер маалга чукул Кантка шашылыш согуштук учактарды жеткирүү ушундан улам болду. Акыры өзүбүздүн согуштук базабыз пайда болду. Бул биздин СССРден кийинки чет мамлекеттеги биринчи согуштук базабыз. Кантта баш аягы беш миң аскер жана офицер катарынан турган корпус болот. Ал базадан болгону ондогон чакырым нарыда, «Манас» аба майданында америкалык-француздук согуштук база турганда бул башкача саясий мааниге ээ болот», деп жазат автор.

Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук катчылары жыйын өткөргөнү келишкени туурасында «Коммерсант» (10. 12. 02) жазат. «Алды болуп Рушайло келип ал өзү менен кошо Армения жана Беларусия катчыларын ала келген. Коллективдүү Коопсуздук Келишимине кирген өлкөлөрдөн делегациялар келген. Алардан сырткары Азербайжан, Грузия, Молдова, Украина сырттан көз салуучу катары өз өкүлдөрүн жиберишкен. Такыр келбейбиз деп жооп бергендер Түркмөнстан менен Өзбекстан болушкан. Кантта согуштук база уюшулгандан кийин өтүп жаткан бул чогулушта катчылар Ирак маселесин талкууга алат делинет. Москванын кызыкчылыгында бул маселе эми Келишимге кирген өлкөлөрдүн кызыкчылыгына да өтүп кетпес бекен деп ойлойсуң», деп жазат газета.

Дагы бир апта сайын чыга турган «Дуэль» журналынын (10. 12. 02) жазганына караганда, мурда советтик режимде жүрүп кутулушкан Борбор Азиялык беш мусулман өлкөгө Батыш, баарыдан мурда, америкалыктар жардам берип атышы кеп болот. «Андай жардам ал тургай барган сайын күчөөдө. Ташкенде кеңсеси жайгашкан америкалык өкмөткө баш ийүүчү же Эл аралык өнүгүү агенттигинин жооптуу кызматкеринин билдиргенине караганда, мындай жол региондогу бейкутчулукту жаратат. Ошол эле жерде америкалык канча кааласa берилчү жардам башка ири мамлекеттердин ичин күйгүзүп, көзүн сүздүрүп, тишин кайратууда», деп айтылган. «Ал жерде адам укугун коргоо эркиндигине кепилдик ордуна делип Батыш өлкөлөрү жана Америка тараптан жардам берилип жаткан мамлекеттер ондон ашат жана арасында Кыргызстан да бар», деп жазат басылма.

«Коммерсант» (11.12.02) аттуу дагы бир гезит, «Орусиялык президент үчүн Кыргызстандык компания жоопкер эмес» деген аталышта макала басты. Орусиялык делегация түшкөн учак Москвага жетпей Актөбө калаасына конуп калгандыгын териштирген ал макалада, күнөөнү «Манас» аба майданынын адисттери четке какканы кеп болот. «Көрсө учакка май куюу маалында орусиялык адистер контролдукка алып турган экен, экинчиден: майга суу кошулуп кетиши учак Бишкекке келгенге дейре Дели аба майданында май куюу маалында болушу ыктымал» деген божомол айтышкан.
XS
SM
MD
LG