БИШКЕК. 16-декабрда Эл аралык Антитеррористтик Коалиция күчтөрүнүн Кыргызстандагы эл аралык «Манас» аэропортуна жайгашканына бир жыл болду. Бул окуяга арналган жыйын антитеррористтик күчтөрдүн аэропорттогу Ганси атындагы базасында болуп, ага мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов катышты. Анда Коалициянын түрдүү кызмат аткара турган жаңы имараты ачылды. Жыйында чыгып сүйлөгөн О. Ибраимов, «кыргызстандыктар эл аралык терроризм менен ат минип деле күрөшүүгө даяр экендигин» жарыя кылды.
Кыргызстандыктар эл аралык терроризм менен ат минип күрөшүүгө даяр, деди мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов