Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:03

Борбордук Азия мамлекеттери үчүн учурдагы башкы коркунучтар аныкталды.


БИШКЕК. Борбордук Азия мамлекеттери үчүн учурдагы башкы коркунуч - бийликтин жарандык коом менен диалогдон качышы, экологиянын начарлашы, адам укуктарынын басмырланышы, жакырчылык жана коррупция. «Демократиянын азыркы күзгүсү. Борбор Азиядагы туруктуулукка жаңы коркунучтар» деген темада 12-13-декабрда Бишкекте өткөн эл аралык конференциянын катышуучулары мына ушундай бүтүмгө келишти. Андан кийин ушул эле тема боюнча «Жаңжалдардын алдын-алуу жана жөнгө салуу» боюнча бейөкмөт уюмдар тармагынын КМШ боюнча жумушчу тобу 14-15-декабрда жыйын куруп, анда «КМШ мамлекеттери үчүн деле ушул көрүнүштөр башкы коркунуч болууда» деген пикирге токтолду. Алар «КМШ мамлекеттеринин ичинен Украинада белгилүү саясатчылардын дайынсыз жоголушу өтө кооптуу», деп белгилешип, бул өлкөнүн президентине кайрылуу жолдошту жана анда мындай көрүнүштү токтотууга таасир көрсөтүүнү белгилешти. Конференцияны Адам укуктары боюнча Кыргыз бюросу, Жалал-Абаддагы «Справедливость» уюму Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча Башкы Комиссарлыгынын жардамы менен өткөрдү.

XS
SM
MD
LG