Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:14

Мыйзам чыгаруу жыйынын төрагасы Абдыганы Эркебаев Жогорку Кенештин мөөнөтүнөн мурда таркатылышына каршы.


Бакыт Аманбаев

БИШКЕК. «Жогорку Кеңештин кош палатасын мөөнөтүнөн мурда таратуу, өлкөнүн Баш Мыйзамына каршы келет. Кыргызстанстанда тынч жашоону каалаган адам мындай кадамга барбашы керек», деп билдирди дүйшөмбү күнү Мыйзам чыгаруу жыйынын төрагасы Абдыганы Эркебаев.
«Кыргызстанда ким тынчтыкты каалабаса, ал парламентти таратып, дагы чыр чыгаргысы келип жатат. Өзүңүздөргө маалым, азыр үч округда кандай талаш-тартыш болуп, чыр уланууда. Эгерде, парламент таркатылса, бүт Кыргызстан боюнча кырдаал курчуйт. Ошондуктан, Кыргызстандын тынчтыгын каалаган киши мындай кадамга барбашы керек», деди ал. Мыйзам чыгаруу жыйынын төрагасы бул пикирин отурум башталар алдындагы айрым депуттардын учурда эл арасында, «жакын арада парламент таратылат» деген каңшаар тарап жаткандыгы тууралуу кабатырланган суроолоруна жооп берип жатып маалымдады.

XS
SM
MD
LG