Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:50

Бейөкмөт Уюмдардын «Демократия жана жарандык коом үчүн» Коалициясынын Башкы Ассамблеясы ишин жыйынтыктады.


БИШКЕК. 15-декабрда «Демократия жана жарандык коом үчүн» Бейөкмөт Уюмдар Коалициясынын Башкы Ассамблеясы өз ишин жыйынтыктап, резолюция кабыл алды. Резолюцияда Коалициянын өткөн эки жыл ичинде аткарган иштери канагаттандырарлык деп табылып, келерки эки жылда аткара турган иштеринин багыттары белгиленди. Ошондой эле Ассамблея конституциялык реформа боюнча бийлик менен оппозициянын биргелешкен ишин улантуу, январь айында референдум өткөрүү, Аксы окуясындагы айыпкерлерди жазалоо зарылдыгын белгиледи.
Ассамблея 14-декабрдагы отурумунда 15 кишиден турган Директорлор Кеңешин жана Коалициянын Президентин шайлаган. Президенттикке буга чейин анын милдетин аткарып келаткан Эдил Байсалов дайындалды. Эдил Байсаловдун айтымында, уставга ылайык эми Директорлор Кеңеши алгачкы жыйынын чукул өткөрүп, төрагасын шайланышы керек. Төраганы Кеңеш ар бир алты айда ротациялык тартипте алмаштырып турат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG