Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:13

АКШда Экинчи Дүйнөлүк согушта миңдеген жөөттөрдү сактап калган Япон дипломатынын эстелиги ачылды.


АКШнын Лос-Анджелес шаарында бүгүн Япония, АКШ жана Израилдин расмий өкүлдөрүнүн катышуусунда экинчи дүйнөлүк согуш маалында миңдеген жөөттөрдүн өмүрүн сактап калган япон дипломатынын эстелиги ачылды. Ал кезде Япониянын Литвадагы элчиси болуп иштеп турган Чиуне Сугихара Литвалык 6000дей жөөттү фашисттердин куугунтугунан калкалап, япон өкмөтү тыюу салганына карабай, аларга өз өлкөсүнүн визасын берип-жандарын сактап калган. Кийинчерээк, Токио Литвадагы элчинин жашыруун ишмердигин билип калып, өкмөткө баш ийбегени үчүн кызматынан бошоткон. Боорукер жапон жаранынын айкели Лос-Анджелес шаарындагы Токио көчөсүнүн так ортосуна тургузулду.

XS
SM
MD
LG