Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Ирандын Вашингтон шек санаган эки аймагына адистер жөнөтүлө турган болду.


Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү Иранда өзөктүк курал даярдалышы ыктымал деп Вашингтон атаган эки аймакка адистер жөнөтүлөөрүн билдирди. Кошмо Штаттардын расмий өкүлдөрү Иран өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Натанз жана Арак шаарларында өзөктүк жабдыктар куруп жатканын маалымдашкан. Алар бул маалыматты сентябрь айында спутниктен тартылып алынган сүрөттөргө таянып таратышкан. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин басма сөз катчысы Марк Гвоздецкий агенттиктин инспекторлору февраль айында Ирандын аталган эки шаарына сапарлап бараарын билдирди. Мурдараак Тегеран эл аралык инспекторлор Ирандын каалаган аймагына барып-текшере алаарын айткан.

XS
SM
MD
LG