Москвада дүйшөмбүдө ачылаары белгиленген чечен элдик конгресси келээрки жылдын февраль айына жылдырылды. Конгресске алдын-ала пландаштырылгандай, чечен сепаратисттеринин жана Москва дайындаган Чеченстандын азыркы жетекчилигинин өкүлдөрү катышмак. Мамлекеттик Думанын депутаты Асланбек Аслаханов «чечендер конгресси Чеченстандагы аскерий кампаниянын аякташына туш келиши керек» деп билдирди. «Москвадагы конгресстин делегаттарын эл шайлашы керек. Алар Чеченстандагы бардык улуттук жана башка тайпалардын өкүлдөрү болушу, жана эң 1-кезекте аймактагы бейпилдик үчүн күрөшкөн адамдар болушу керек», дейт депутат А.Аслаханов.