Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Түркиянын Европа Биримдигине кошулуш мөөнөтү Копенгагендеги саммиттин талылуу маселесине айланды.


Европа Биримдигинин саммитиндеги дагы бир талылуу маселе Биримдикке кошулуу боюнча Түркия менен сүйлөшүүлөрдү баштоо мөөнөтү болду. Кечээ кечинде Европа Биримдигинин учурдагы төрагасы, Даниянын премьер-министри Андерс Фог Расмуссен Анкара менен сүйлөшүүлөр 2004-жылдын аягында башталышы мүмкүн деп билдирген. «Эгерде 2004-жылдын декабрь айында Европа Кеңеши Түркия демократия жана адам укуктары боюнча саясий талап-кеңештерди толук аткарганы тууралуу Еврокомиссиянын маалыматына таянып, тийиштүү чечим кабыл алса, ошондо гана Европа Биримдиги Анкара менен сүйлөшүүлөр башташы мүмкүн», деп жарыялаган Биримдиктин төрагасы. Түркия мурдараак, сүйлөшүүлөр келээрки жылы башталса, калыстык болот деп маалымдаган эле. Түркиянын премьер-министри Абдулла Гүл сүйлөшүүлөрдү баштоо мөөнөтү Анкара күткөндөн ары жылып кеткенин, бирок түрк өкмөтү максатына жетиш үчүн саясий-экономикалык реформаларды улантаарын белгиледи. Түркиянын бийликтеги партия башчысы Режеп Эрдоган Анкара 2004-жылы сүйлөшүүлөр башташ үчүн бардык күч-аракетин жумшаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG