Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:36

Нарын шаарындагы көз карандысыз «Аян» телекомпаниясынын берүүлөрү областтын бардык аймактарында көрсөтүлө баштады.


Дамир Калыков

НАРЫН. Нарын шаарындагы көз карандысыз «Аян» телекомпаниясынын берүүлөрү ЭМИ областтын бардык аймактарында көрсөтүлө баштады. 14-декабрда аталган телекомпаниядан алынган маалымат боюнча, буга чейин телекөрсөтүүлөр техникалык мүмкүнчүлүктөргө байланыштуу Нарын шаарынын гана аймагына көрсөтүлүп келген. Мындан ары ишемби күндөрү «Аян» телекөрсөтүүсү областтын баардык аймактарына көрсөтүлүп, көрүүчүлөргө ар кандай маанидеги, маалымат багытындагы телеберүүлөр сунуш кылынат. «Аян» 1995-жылы Голландия мамлекетинин «Чибос» аттуу бейөкмөт уюмунун колдоосу менен ачылган жана анын берүүлөрү жергиликтүү мамлекеттик телестудиянын берүүлөрүнө салыштырмалуу обективдүүлүгү жана таамайлыгы менен айрымаланууда.

XS
SM
MD
LG