Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:23

Каракол шаарын Аксуу районунан бөлүү тууралуу өкмөттүн токтомун шаардык кеңештин депутаттары колдошууда.


Шейшекан Жаналиева

КАРАКОЛ. Каракол шаарын Аксуу районунан бөлүү тууралуу өкмөттүн токтомун шаардык кеңештин депутаттарЫ колдошууда. Каракол шаардык кеңешинин депутаты, журналист Татьяна Попованын пикири боюнча, Каракол шаарын Аксуу районуна кошуу акылга сыйбаган иш болгон. «Ал эми областтын борборун райондун деңгээлине салыштыруу туура эместигин турмуш өзү көрсөттү», дешет ардагерлер. Анткени алар кылымдан ашуун тарыхы бар Каракол шаарынын статусун жокко чыгарууну, өткөн тарыхты унуткандык катары түшүнүшөөрүн айтышты. Алар ошондой эле мындан мурда бир нече жолу Өкмөткө, Президентке, Жогорку Кеңешке кайрылышкандыгын маалымдоо менен, «эми бийлик талашма оюндары кайталанбаса» деген пикирде турушат. Анткени Караколдун Аксуу районуна кошулгандыгынын айынан шаар көркүнөн чыгып, өнөр жай ишканаларынын өсүшү токтоп калган.

XS
SM
MD
LG