Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:51

Жалал-Абаддагы бир топ кары адамдар кыргыз паспортун ала албай жатышат.


Ырысбай Абдраимов

ЖАЛАЛ-АБАД. «Калкты социалдык жактан коргоо» коомдук бирикмесинин областтык бөлүмү Жалал-Абад областтык Кеңешине кайрылды.14-декабрда бул уюмдун областык бөлүмүнүн төрагасы Эльмар Ишковдон алынган маалыматка караганда, кайрылууга аз камсыз болгон жүздөн ашык карыянын Кыргызстандын паспортун алууга мүмкүнчүлүгү жетишпегендиги себеп болгон. Областтык бөлүм паспорттоштуруу жарыянын мамлекет жүргүзүп жаткан соң, паспорт чыгымдарын мамлекет өзү каржылоосу абзел деп эсептеди. Алган пенсиялары керектөө муктаждыгынан эки эсе аз болуп жатканда, уюм паспорт алуунун толук чыгымы үчүн областтык казнадан, же областтык губернатордун фондунан каражат бөлүүнү мыйзамдаштыруу үчүн маселени областтык кеңештин сессиясында талкуулап, оң чечип берүү жагын өтүнүүдө.

XS
SM
MD
LG