Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:14

Кыргызстандын тышкы соодасында быйыл да импорт үстөмдүк кылууда.


БИШКЕК. 2002-жылдын 10 айында Кыргызстандын тышкы соодасынын көлөмү 870 млн. 300 миң долларды түздү. Анын ичинен экспорту 393 млн., импорту 477 млн. 300 миң доллар болуп, тескери сальдо 76 млн. доллар болгон. Кыргызстандын соода балансы алыскы мамлекеттер менен оң болуп, бул өлкөлөргө экспорт көлөмү импорттон 47 млн. 500 миң долларга көп болгон, ал эми жакынкы мамлекеттер менен соода балансы терс болуп, анын көлөмү 131 млн. 800 миң долларга жеткен. Тышкы соода жана өнөр жай министри Садриддин Жиенбековдун жума күндөгү «Азаттыкка» билдирүүсүнө караганда 76 млн. доллар өлчөмүндөгү тескери сальдонун пайда болушуна быйыл «Кумтөр» алтын кенинин экспортунун 59 млн. 900 миң долларга жана электр энергиясын экспорттоонун 26 млн. 900 миң долларга кыскаруусу таасир эткен. «Бирок сүт азыктары, чай, ун, кант, пахта, сурьма, жеңил өнөр жай товарларын экспорттоо олуттуу өсүшкө ээ болууда», дейт Садриддин Жиенбеков.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG