Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:39

«Ата-Мекен» партиясынын Чүй боюнча бөлүмү конференция өткөрдү.


БИШКЕК. 14-декабрда Бишкектеги Мамлекеттик Тарых Музейинде «Ата-Мекен» социалисттик партиясынын Бишкек жана Чүй региону боюнча бөлүмүнүн конференциясы болуп өттү. Анын ишине 200гө чукул делегат жана бир катар саясий партиялардын лидерлери катышты. Партиянын регионалдык бөлүмүнүн башчысы Райкан Төлөгөнов өз сөзүндө азыркы бийликти сындоо менен ««Ата-Мекен» партиясы жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышуусу зарыл жана партиянын жер-жерлердеги ишин күчөтүү керек» деген пикирин айтты. Ал эми партия лидери Өмүрбек Текебаев «Ата мекен» партиясы азыркы бийликке опоозицияда экенин айтып, бирок «биз ар кандай курч, талаш маселени компромисс, консенсус жолу менен чечүүнү тандап алганбыз», деди. Регионалдык конференциялардан кийин март айында партиянын кезектеги сьезди өткөрүлмөкчү.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG