Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Чүй областынын борборун Токмок шаарына которууга Эл өкүлдөр жыйыны макулдук берди.


БИШКЕК. 13-декабрда Эл өкүлдөр жыйыны өз сессиясында Чүй областынын борборун Токмок шаарына которуу тууралуу Чүй областтык Кеңешинин жана Өкмөттүн сунушун колдогон чечим кабыл алды. Чүй областынын губернатору Тойчубек Касымовдун маалымдоосу боюнча, облборборду көчүрүү үчүн 143 млн. сом каражат жумшалат.Область борборун которууга 29 депутат макулдук берген менен, бир катар депутаттар, маселен Жаныш Рустанбеков, Исхак Масалиев жана башкалар көчүрүү экономикалык жактан толук эсептелип чыкпаганын билдиришти. Ал эми депутат Муратбек Мукашев область борборун Токмокко көчүрүү Бишкекте социалдык маселелерди жеңилдетүүгө өбөлгө түзөөрүн белгиледи.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG