Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:06

Бейөкмөт уюмдардын «Демократия жана жарандык коом үчүн» Коалициясы Башкы Ассамблеяга чогулат.


БИШКЕК. 14-15-декабрда Бишкекте бейөкмөт уюмдардын «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын Башкы Ассамблеясы болот. Бул тууралуу жума күнү Коалиция маалымат таратты. Анда белгиленгенге караганда, Ассамблея коалициянын акыркы эки жыл ичинде жүргүзгөн иштеринин отчетун талкуулайт, Директорлор Кеңешинин жаңы курамын шайлайт жана Коалициянын Президенттигине жаңы талапкерди бекитет. Азыркы мезгилде Коалицияны Эдил Байсалов жетектеп келатат. Коалициянын Президенттигине 2000-жылы шайланган Төлөкан Исмаилова учурда Вашингтондо Демократияны өнүктүрүү фондунда билимин өркүндөтүүдө. Ал 2002-жылдын башында чыгармачылык отпускага чыккан. Ал окуусун аяктаган соң Кыргызстанда ишин Жарандык лидерлердин форуму аттуу бейөкмөт уюмду жетектээрин билдирген.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG