НАРЫН. Областтык акимчиликтен алынган маалымат боюнча ушул жылдын башында жумуруяттын саламаттыкты сактоо министрлиги жана Улуу Британиянын эл аралык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандын айыл жериндеги гигиена жана санитария долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюшкан. Ага ылайык Талас, Нарын жана Ысык-Көл областтары үлгү аймактары деп жарыяланган. Учурда долбоордун кызматкерлери Нарын областынын алыскы айылдарындагы гигиеналык жана санитардык абалды иликтөөдөн өткөрүшүп, аткарыла турган иштердин көлөмүн аныкташууда.
Улуу Британиянын эл аралык өнүктүрүү министрлиги Нарын облусунда таза суу менен камсыз кылуу долбоорун ишке ашыра баштады.
Дамир Калыков