Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:38

Антитеррордук Коалиция күчтөрүнүн Кыргызстанга келгенине бир жыл болду.


БИШКЕК. Эл аралык Антитеррордук күчтөрдүн Кыргызстанда жайгашканына декабрда бир жыл болду. «Өткөн аралыкта Кыргызстандын аймагында Коалиция 47 миллион доллар каражат сарптады», деп билдирди жума күнү коалициянын жооптуу кызматкери. Анын айтуусуна караганда, коалиция бир гана милдетти – Ооганстанга тынчтык орнотуу милдетин өтөйт жана Иракка каршы божомолдонуп жаткан чабуулга катышпайт. «Манас» аба майданына жайгаштыруу тууралуу Эл аралык Антитеррордук күчтөрдүн курамына кирген мамлекеттердин суранычтарынын негизиндеги эки тараптуу макулдашуулардын алгачкыларын Жогорку Кеңеш өткөн жылдын 11-декабрында ратификациялаган. Кыргыз өкмөтү бул тууралуу коалициядагы өлкөлөрдүн ичинен алгач АКШ жана Франция менен макулдашкан. Азыр «Манас» аба майданында антитеррордук коалициялык күчтөрдүн 1700 аскери, Ф-16 үлгүсүндөгү 19 аскерий учагы жайгашып турат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG