Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:02

2003-жылы Кыргызстанда инфляциянын деңгээли 4-5 % өлчөмүндө кармалышы күтүлүүдө.


Бакыт Аманбаев

БИШКЕК. Улуттук Банк 2003-жылы Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөр системасын ишке киргизүүнү пландаштырууда. Ал үчүн республикада пластикалык карт менен төлөмдөрдү ишке ашыруучу бирдиктүү инфраструктураны түзүү керек. Бул тууралуу шейшемби күнкү маалымат жыйынында Улуттук Банктын төрагасы Улан Сарбанов маалымдады. Анын айтымында, мындай долбоорду ишке киргизүүгө 700 миңден 1,5 миллион долларга чейинки каражат жумшалат. Ошондой эле У. Сарбанов Улуттук Банк келээрки жылы өлкөдөгү инфляциянын дэңгээлин 4-5% пайызда кармоону, ал эми ички дүң продукциясынын көлөмүн 5,2 % жогорулатууну пландаштырып жаткандыгын маалымдады.

XS
SM
MD
LG