Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:07

Баткен областындагы мектептерде мугалим жетишпей жатат.


Шайырбек Эркин уулу

БАТКЕН. Областтык билим берүү жана маданият башкармалыгынан 17-декабрда алынган маалыматка караганда, өткөн окуу жылында областтын мектептерине 288 мугалим жетишпей келген болсо, быйыл алардын саны 342ге жетти. Буга негизинен эмгек акынын аздыгынан көпчүлүк мугалимдердин мектепти таштап кетиши себеп болгон. Областта негизинен чет тилдери, математика жана физика сабактары боюнча адистер өтө эле аздык кылат. Мындай жетишпестиктен улам областта 45 мектепте чет тил сабагы окутулбай турат. Ал эми быйылкы окуу жыл үчүн областтын мектептерине билим берүү жана маданият министрлиги тарабынан жогорку окуу жайларын жаңыдан аяктаган 115 бүтүрүүчү бөлүнгөн болсо, алардын 43 гана келген.

XS
SM
MD
LG