Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

Мыйзамчы депутатка каршы берилген доо арызын кароо кийинкиге жылдырылды.


Бакыт Аманбаев

БИШКЕК. Шейшемби күнү Бишкектеги «Октябрь» райондук сотунда Биринчи Май райондук администрациясынын башчысы Токон Шайлиеванын мыйзамчы депутат Ишенбай Кадырбековго каршы берген доо арызы каралган жок. Ага И. Кадырбековдун сот жараянына келбей калгандыгы себеп болду. Эске сала кетүүчү нерсе, 2001-жылдын 24-сентябрында «Пирамида» теле компаниясындагы «Наше время» берүүсүндө, депутат Ишенбай Кадырбеков ошол кездеги Жогорку Кеңештин финансы, чарбалык департаментинин жетекчиси Токон Шайлиева «Эл өкүлдөрү үчүн мамлекеттин эсебинен 53-компьютер сатып алып, ар бир компьютерден 900 доллардан акча жеген» деген пикирин айткан. Ага нааразы болгон Токон Шайлиева «Ишенбай Кадырбеков жалган маалымат таратып, ар-намысыма шек келтирди», деп сотко арыз жолдогон.

XS
SM
MD
LG