Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:24

Лондондо Ирак оппозициясынын конференциясы уланууда.


Бүгүн Лондондо чачыранды Ирак оппозициясын бириктирүүнү көздөгөн, АКШ колдогон конференция ишин улантууда. Бир нече айлардан бери улам кийинкиге калтырылып келип, эми ишин баштаган жыйында 300 чакты депутат Ирактын президенти Саддам Хусейн кулатылгандан кийинки убактылуу өкмөттүн планын түзүүгө аракет жасап жатышат. Жыйын тууралуу Ирактын маалымат каражаттары бир сап да кабар берген жок.
Багдад өкмөтү сүргүндөгү бардык оппозициячыл фракцияларды «чыккынчылар» деп эсептейт.
Ал эми Ирактын өзүндө Бириккен Улуттар Уюмунун курал эксперттери бүгүн аскердик өнөр-жай фирмасына күтүүсүздөн барып, инспекция жүргүзүштү. Ушул эле фирманын дагы бир ишканасын Эл аралык Атомдук Энергетика агенттигинин эксперттери 30-ноябрда текшеришкен эле.
Аталган агенттиктин жана Бириккен Улуттар Уюмунун адистери бүгүн кеминде үч жерди текшеришти.

XS
SM
MD
LG