Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:41

Палестина президенти Осама бен Ладенди палестина элинин кайгысын өз кызыкчылыгына пайдаланууну токтотууга чакырды.


Палестина президенти Ясир Арафат Осама бен Ладенди палестина элинин кайгысын өз кызыкчылыгында пайдаланууну токтотууга чакырды.
Британиялык «Санди Таймс» гезитинде жарыяланып жаткан маегинде Я. Арафат «Аль-Каиданын» жетекчисинен «өткөн айда Кенияда Израилдик мейманкананын жардырылышы өңдөнгөн террористтик акцияларды палестина элинин боштондугу үчүн уюштурдук» деп ырастаганын токтотууну суранды. Арафат «Осама бен Ладен палестиналыктарга эч качан жардам берген эмес» деп ырастады.
Бир Интернет баракчасында өзүн «Исламдык Аль-Каида уюуму» деп атаган белгисиз топ «палестина элинин боштондугу үчүн күрөшүп жатабыз» деп жазган эле.
Ай башында Израилдин премьер-министри Ариель Шарон аль-каидачылар Газа тилкесинде бар деп билдирген.
Шарон бүгүн «ай соңунда Ыса пайгамбардын туулган күнү белгиленгенде, Батыш Жээктеги Белеем шаарында өтө турган чиркөөдөгү таат окууга Ясер Арафат жиберилбейт» деди. Бул чечимин Израилдин өкмөт башчысы коопсуздук зарылчылыгы менен түшүндүрдү.

XS
SM
MD
LG