Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:03

Ооган качкындарынын лагеринде 41 бала сууктан чарчап калды.


Пакистандагы ооган качкындарынын лагеринде үстүбүздөгү айда катуу сууктан 41 бала набыт болду.
Пакистандагы «Едхи Велфеа Трастынын» өкүлү Ажы Абдул Ганинин айтканына ылайык, Ооганстандын түштүгүндөгү Спин Болдак шаарында да убактылуу тургузулган төрт лагерде, катуу сууктан жана оор турмуш шартынан улам, жашы сегизге чыга элек 1200 баланын өмүрү коркунучта турат.
А. Гани качкындардын арасында учук, көк жөтөл, безгек оорулары кеңири таркаганын кошумчалады. Спин Болдактагы лагерлерде үстүндө үйү, кийээр жылуу кийими жок 100 миң чакты киши жан сакташууда.

XS
SM
MD
LG