Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Белгилүү террорист Салман Радуев абакта көз жумду.


«Интерфакс» кабар агенттиги билдиргендей, былтыр өмүрүнүн аягына чейинки түрмө мөөнөтүнө кесилген чечен аскер башчысы Салман Радуев абакта жаткан жеринен көз жумду.
Орусиянын юстиция министрлиги С. Радуевдин Уралдагы Пермь шаарында дүйнөдөн кайтканын, эмнеден көз жумганы иликтенип жатканын маалымдаган.
С. Радуев Дагестанда 96-жылы 3 миң кишини барымтага алууга катышы үчүн айыпталып, былтыр 25-декабрда өмүр аягына чейинки түрмө мөөнөтүнө кесилген эле.
Барымтачылар туткундарды бошотуп, өздөрү коңшулаш Чеченстанга кире качып, кутулушкан. Бошотуу операциясында 200 чакты киши, анын ичинде Орусиялык 78 аскер курман болгон.

XS
SM
MD
LG