Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Москвадагы террордон жабыр тарткандар Орусиянын борборун сотко беришти.


Октябрь айында Москва театрындагы барымтага алуудан аман калган жана бошотуу операциясынын жүрүшүндө жакындарынан айрылган 24 киши Москва шаарын сотко берди. Адвокат Игорь Труновдун айтымында, анын клиенттери ар бири 450 миңден 1 жарым млн. долларга чейинки өлчөмдө компенсация талап кылууда.
Москва шаарынын өкмөтү «чечен жаңжалы жана анын кесепеттери үчүн федералдык өкмөттү күнөөлөш керек» деп айтууда.
Барымта кризисиндеги бошотуу операциясында 41 барымтачы-чечен жана 129 туткун набыт болгон. Курмандыктардын басымдуу бөлүгү коопсуздук күчтөрү колдонган уулуу заттын кесепетинен көз жумушкан.

XS
SM
MD
LG