Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

Чечен кызын өлтүргөн орус офицери акылынан адашкан болуп табылды.


Орусияда психиатрлар мындан эки жыл мурда чечен кызын өлтүргөн орус полковнигин «убактылуу акылынан адашкан» деп табышты.
«Интерфакс» агенттиги билдиргендей, психиатрлар полковник Юрий Будановго дарылануудан өтүүгө кеңеш беришти.
Ю. Будановго коюлган айыптоо боюнча, ал 20 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн эле. Бирок, эгер сот «айыпталуучунун акылы ордунда болгон эмес» деп тапса, бул мөөнөт кыскартылышы мүмкүн.
Ю. Буданов «2000-жылы Чеченстанда суракка алуунун жүрүшүндө 18 жаштагы Эльза Кунгаеваны өлтүргөн» деп айыпталууда. Сот иши былтыр февраль айында Ростов-на-Донуда башталган.

XS
SM
MD
LG