Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:51

Түштүк Кореяда америкалык офицерге кол салуу болду.


Түштүк Кореяда белгисиз үч киши америкалык офицерге кол салып, жеңил жарадар кылышты. Бул кабарды АКШнын армиясы бүгүн бышыктады.
Өткөн түндөгү кол салуу Түштүк Кореяда июнь айында америкалык аскерлердин машинасы эки кызды тебелеп кеткенден кийин анти-америкалык маанайдын күч алышына туура келүүдө. Жол кырсыгына катышы болгон эки америкалык аскерди АКШнын аскердик соту актап чыгаргандан кийин, өткөн ишембиде Сеулда он миңдеген киши демонстрацияга чыкты. Алар өлкөдө турган 37 миң америкалык аскерге байланышкан мыйзам бузууларды тергөөдө, Түштүк Кореянын бийлигине көбүрөөк укук берүүнү талап кылышты.

XS
SM
MD
LG