БИШКЕК. Бишкекте 17-декабрда ачылган Европадагы Коопсуздук жана Кызматташуу Уюмунун Академиясынын ишин уюштурууга арналган кеңешме 18-декабрда болду. Ал ЕККУнун азыркы төрагасынын Борбордук Азия боюнча кеңешчиси, элчи Херберт Залбердин төрагалыгы менен өтүп, ага эл аралык деңгээлдеги эксперттер жана Академиянын координатору Анара Насырова катышты. Кеңешмеде академиянын концепциясы, анын эл аралык жана регионалдык деңгээлде иликтөөлөрдү жүргүзүү, ишти уюштуруу маселелери каралды. Ошондой эле ЕККУнун Бишкектеги академиясынын алкагында эл аралык мамилелер боюнча адистер алгачкы лекцияларды окушту.