Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:47

Кыргызстанда эмгек акы төлөөнүн реформасы тууралуу концепция кабыл алынды.


БИШКЕК. Кыргызстанда эмгек акы төлөөнүн реформасы тууралуу концепция кабыл алынды. Ага 14-декабрда президент кол койгондугун шаршембиде эмгек жана социалдык коргоо министри Роза Акназарова кабарлады. Анын маалыматына караганда, концепция беш багыттан турат жана ал 2003-2010-жылдар аралыгында ишке ашырылмакчы. Р. Акназарованын айтымында, 2005-жылга бюджеттик мекеме кызматчыларынын маянасы кеминде 50 процентке жогорулашы мүмкүн. Бирок, ага чейин минималдык айлык ченеминен арылуу керек. Анткени, Кыргызстанда пенсия, жөлөк пулдун бардыгы минималдык маяна ченемине байланган. Бул тоскоолдукту жоюу үчүн өкмөт эмгек боюнча эл аралык уюмга кайрылат. Ал уюм минималдык маяна ченемин бир адам бир айда сарптай турган каражат көлөмү менен теңдештирүүгө тийиш. Кыргызстанда азыр бир айдагы чыгым көлөмү 1 миң 357 сомду түзөт. Ал эми минималдык маяна көлөмү 100 сом.

XS
SM
MD
LG