Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:24

Кара-Кече көмүр кени боюнча парламенттик угуулар өткөрүлдү.


БИШКЕК. 18-декабрда Мыйзам чыгаруу жыйынында Кара-Кече көмүр кениндеги абал боюнча парламенттик угуу өткөрүлдү. Ага депутаттар, тышкы соода жана өнөр жай министри Садриддин Жиенбеков, мамлекеттик мүлктү башкаруу жана инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Равшан Жээнбеков катышты. Депуттар Орозбек Дүйшеев жана Абсамат Масалиев Кара-Кечеде көмүр казуу мыйзам бузуулар менен жүрүп жатканын, коррупция күчөгөнүн, көмүр казууда зарыл болгон коопсуздук, технологиялык чаралар көрүлбөй жатканын билдирип, ал жерде иш жүргүзүү ыкмасын өзгөртүүнү сунушташты. Министрлер өз кезегинде кенде коопсуздук чаралары финансылык каражаттын жетишпгенинен толук камсыздалбай жатканын белгилешти. Жээнбековдун айтымында өлкөнүн көмүр өнөр жайын өнүктүрүү үчүн 18 млн. доллар керек, бирок андай каражат мамлекетте жок. Парламенттик угуунун соңунда Кара-Кече көмүр кенинде орун алган кемчиликтерди жоюу өкмөткө тапшырылды.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG