Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:07

Европа Биримдигинин өкүлдөрү Иран бийликтерине өлкөдө орун алган одоно укук бузуулардын тизмесин тапшырды.


ТЕГЕРАН. Европа Биримдигинин өкүлдөрү Иран бийликтерине өлкөдө орун алган одоно укук бузуулардын тизмесин тапшырды. Өлкө жетекчилиги менен болгон эки күндүк сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө укук бузуу жасаган же ага жол бергендердин ысымдары жана укук бузуунун конкретүү мазмуну келтирилген. Бул маселе Евробиримдик менен Ирандын ортосунда соода алакаларын кеңейтүү маселесине байланыштуу көтөрүлдү. Анткени Евробиримдик орток сооданы кеңейтүүнүн шарты катары Ирандагы укуктук абалдын жакшыртылуусун атаган. Диалог 2003-жылы, Евробиримдиктин төрагалыгы Даниядан Грецияга өткөндө улантылат. Расмий маалыматтарда азыркы сүйлөшүүлөр «ачык жана конструктивдүү» деп сыпатталууда.

XS
SM
MD
LG