АНКАРА. Түркиянын тышкы иштер министрлиги Грек Кипр жумуриятын 2004 жылы уюмга кабыл алуу тууралуу Европа Биримдигинин чечимин четке какканын билдирди. Бүгүн тараткан билдирүсүндө Түркия бүткүл аралдын өкүлү болууга эч бир өкмөттүн укугу жок экенин белгилейт жана бул көз карашын Евробиримдик менен Еврокомиссияга ачык билдиргенин кошумчалайт. Өткөн жумада Европа Биримдиги расмий таанылган Грек Кипр жумуриятына Уюмга кирүүгө чакыруу берген. Улуттар Уюму менен Европа Биримдиги Грек Кипр жумурияты менен Түрк Кипр өкмөтүнүн ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөргө демөөрчү болуп, аралды бириктирүү сүйлөшүүлөрүнө ортомчулук кылган. Бирок сүйлөшүүдөн натыйжа чыккан эмес.
Түркиянын тышкы иштер министрлиги Грек Кипр жумуриятын кабыл алуу тууралуу Европа Биримдигинин чечимин четке какканын билдирди.