Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:35

Түркиянын көрүнүктүү саясатчысы араб өлкөлөрүнүн колдоосуна ээ болуу максаты менен дипломатиялык аракеттерди баштай турганын билдирди.


АНКАРА. Түркиянын көрүнүктүү саясатчыларынын бири Режеп Тайып Эрдоган АКШнын Иракка каршы ыктымал аскердик компаниясына араб өлкөлөрүнүн колдоосун алуу максаты менен дипломатиялык аракеттерин баштай турганын билдирди. «Миллиет» гезитинин Эрдоганга шилтеме берип билдиришинче, өлкөнүн премьери Абдулла Гүл Перс регионуна аттанат. Бирок Эрдоган визиттин качан баштала турганын тактаган жок. Эрдогандын «Адилет жана өнүгүү» партиясы ноябрьда болгон шайлоодо бүткүл өлкө боюнча жеңишке жетишип, өлкөнүн өкмөтүн түздү. «Миллиетке» берген маалыматында Эрдоган Сауд Арабия жана Сирияга визит жасала турганын белгиледи. НАТОнун мүчөсү Түркия АКШнын жана Израилдин шериги, ал жакында Европа Биримдигине талапкерлигин алга жылдыруу ишинде президент Джордж Буштун колдоосун алган.

XS
SM
MD
LG